ШЛ №74 Общеобразовательная школа лицей №74

Полезная информация

Психологдун окуучуга берген сунушу

Менин сүйүктүү окуучум!

  • Билем, сен азыр кыйын кырдаалга туш келип жатасың. Эшикке чыгалбай, досторуң менен көрүшө албай, спорттук оюндарын ойной албай, төрт дубалда камалып калдың. Бирок бул убакытта өтөт, түн карангылыгынан кийин таң да атат. Биз өзүбүздүн, жакындарыбыздын саламаттыгын жогору коюшубуз керек. Азыркы көрүлүп аткан чаралар убактылуу экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.
  • Дистанттык окутуу дагы сага бир катар маселелерди түздү. Кээде интернетке кире албай, электр энергиясы өчүп калгандыктан сабакты телевизордон көрө албай, тапшырма аткаралбай калган учурларың болду. Бирок, сен андан кооптонбошуң керек, анткени кийин деле өздөштүрүп кетсең болот, ошол маалыматты китебиңен окуп, түшүнүп алсаң да болот, ошол тема боюнча башка видеосабактарды көрсөң болот.
  • Ата-энең менен тил табышканга аракеттен. Аларга чынын айтып, жагдайыңды түшүндүргөнгө аракет кыл. Алар дагы сен үчүн кооптонуп жаткандыгын эсиңен чыгарба.
  • Үйдө телефон чукуп бош отурбастан денеңдин сактыгын ойлон. Эртең менен гимнастика жаса, туура тамактан. Күн тартибин түзүп, убакытты бөлүштүрүп ал.
  • Ата-энеге жардам бергенди унутпа, алар менен чогуу бол, чогуу китеп оку, тамак жаса, виртуалдык музейлерге саякатта, кызыктуу өлкөлөрдү кыдыр, сүрөт тарт. Кагаздан, кездемеден кызыктуу буюмдарды жаса. Мурун жасайм деп көздөп койгон проектилерди ишке ашыр, тил үйрөн. Анткени айтылган нерселер пайдалуу жана сени интеллектуалдык жактан өстүрөт.
  • Түн ортосуна калбай убагында укта. Эрте тур, спорттук машыгууларды унутпа.
  • Кандайдыр бир чечалбаган маселелериң болсо класс жетекчиңе чалып айт.
  • Сага мектеп психологу жардам бере алат. Көйгөйлүү маселелер болсо анын номерине чал: Зарина Айтакулова 0509 061 998
  • Балдар менен иштөө инспектору: Бегимай Эсентурова 0709 077 235
  • Социалдык педагог 0705 179 236 Жаңыл Дүйшекеевна
  • Шаардын психологдорунун жардамын 111 номерина чалып алсаң болот.
  • Ар дайым жакшылыктан үмүт үзбөй, позитивде бол!
  • Жардам керек болсо тартынба, сен жалгыз эмессиң, сага жардам беребиз.
  • Эң негизгиси биз бул кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз!

                                          

 

 Психологдун ата-энеге берген сунуштары

Азыркы дистанттык окутуу мугалимдерге, ата-энелерге, айрыкча балдарга көп кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Баардык жаңыланүүлар башында көп кыйынчылыктар менен коштолот, андан кийин өз калыбына келет. Ал үчүн кичине сабырдуулук жана убакыт талап кылынат.                                                                                                                                                                         Балдар айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканын угуп, көрүп, биздин тынчсызданганыбызды сезип жатышат. Аларды сооротуп, негативдүү маалыматтардан арылтып, анын жанында болууга милдеттүүбүз.Балдар азыркыдай кынчылыктар менен мурун беттешип көргөн эмес. Ошондуктан карантин убактылуу чара экенин, ооруну биз тартип менен, гигиенаны сактоо менен жеңерибизди түшүндүрүнүз.

Дистанттык окутуу бала үчүн дагы оңой болгон жок. Тапшырма аткарууда бир нече кыйынчылыктарды жаратты. Бала окуу материалдарын кийин деле өздөштүрүп кетерин эстен чыгарбаш керек. Тапшырма аткарганда балага жаман сөз айтып, урбаш керек. Анын психикасына аяр мамиле кылуу зарыл. Оору кетет, бала сени менен өмүр бою калат.

Балага күн тартибин түзүп, убактысын бөлүштүрүп бергиле.

Эртең менен аны жылуу сөздөр менен ойготуп, аны менен кошо гимнастика жасагыла. Анткени эртең менен кандай маанай менен турса, ал кечке чейин ошол маанайда болот.

Тапшырмаларды аткарганда жанында бол. Бирок өзүңдү кармап, балага түшүнбөгөнүн жай отуруп түшүндүрүп бер.

Үй жумуштарын чогуу жасагыла. Үйдү ирээтке келтирүүнү оюнга да айлантса болот.

Тамакты чогу жасагыла, аны менен кеңешип меню түзгүлө. Ден соолукка эмне пайдалуу жана зыян экендиги жөнүндө айтып берип, ал жөнүндө талкуу жүргүзгүлө.

Аны менен китеп окуу, виртуалдык музейлерге саякатта, интернет аркылуу кызыкту өлкөлөрдү кыдыр, аны менен сүрөт тарт.Кагаздан, кездемеден кызыктуу буюмдарды жасаганга үйрөт. Аны менен чогуу жаса.

Түн ортосуна калбай, убактысында уктаганга үйрөт. Эрте жатып, эрте турганда бала сергек болот.

Негизгиси балага урушуп, кыйкырып, андан күчүңүздү чыгарбаңыз. Ачууңүздү тыйганга аракет кылыңыз. Эшикке чыгып кетип, башка нерсеге алаксыганга аракет кылыңыз.

Бала сиз айткандардын баарын туурайт: сиз жасаганды жасайт, сиз айтканды айтат. Ошондуктан тарбияны өзүбүздөн баштайлы!

 

Полезная информация

Это тестовая и редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета